АК-СУУ ГРАНИТ-ДИОРИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Чүй обл-нун Москва р-нундагы Беловодский (Ак-Суу) кыш-нан 38 км түштүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы Ак-Суу өрөөнүндө. Кен аймагын да силур мезгилинде жиреп чыккан гранит-дио рит ж-а диорит интрузия тектери жатат. Алардын жер бетине чыгып жатышы 3 кмге созулат. Гранит-диорит м-н диорит орто, чанда ири кристаллдуу түзүлүштө, өӊү ачык боз, жашыл сымал боз. Табигый жаракалуу, алар б-ча 0,5‒2 м3 көлөмдөгү блокторго жакшы ажырайт. Жеӊил иштетилип, оӊой кесилет. Физ.-мех. касиеттери б-ча көркөм кооз курулуш таштарга болгон талаптардын бардыгына жооп берет. Архитектура курулмаларына, имараттардын дубалын кооздоп каптоого болот.