АК-САЙ - Ат-Башы районундагы суу: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ Ат-Башы р-нундагы суу, Какшаал д-нын негизги түзүүчүсү. Ички Теӊир-Тоодогу Ак-Сай өрөөнү аркылуу агат. Уз. 96 км, алабынын аянты 7440 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түш. капталындагы мөӊгүлөрдөн башталып, адегенде ‒ Кеӊ-Суу, оӊ тараптан Терек суулары кошулган соӊ, Ак-Сай деп аталат. Ак-Сай өрөөнү аркылуу чыгышка карай агып, Мүдүрүм ж-а Көк-Кыя суулары кошулуп, Какшаал д-сын түзөт. Куймалары: Кызыл-Суу, Кош-Караташ, Муздабас, Жолбогошту (сол), Терек, Текелик, Кулжа-Башы (оӊ). Нугу башынан аягына чейин дээрлик кенен (100‒1000 м), суусу салаалап жай агат. Июль, август айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орт. чыгымы 9,3 м3/сек; эӊ көбү ‒20,5 м3/сек, эӊ азы ‒3,26м3/сек. Алабында жалпы аянты 120,9 км2 келген 93 мөӊгү бар. Боюнда Тармал-Саз кыш. жайгашкан.