АК-ЖОЛ - Сокулук районундагы кыштак: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

07:14, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АК-ЖОЛ (1983‑жылга чейин Раздольный) - ­Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Ат‑Башы айыл аймагына караштуу. Бишкек – «Манас» (аэропорт) автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 30 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 30 км. Калкы 3367 (2009); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.