АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

05:56, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АК-БУЛАК– Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караш­туу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңгээлинен 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 4743 (2009); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.