АЙЫРМАЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаш­тагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгы­нын бир түрү. А. кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген ж‑а атта жүрүүгө көндүргөн. А‑тын кашы м‑н артын бирдей кылып, кайчылаш аш­тап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 см бийик бо-
Файл:АЙЫРМАЧ28.png

лот. Бала ооп же ыргып кетпес үчүн А‑тын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. А‑тын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги» болот. А‑тын кайчылашып ашталган алдынкы кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы мезгилде А‑ты музейден гана көрүүгө болот.