АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
180-227>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– – а. ч. тармагын тейлөөчү материалдык‑тех. жабдуулар комплекси. Ал башка тармактарга, мис., жол, байланыш, электр, маданий тейлөө ж.б‑га көз каранды. Арналышы б‑ча эки багытка (өндүрүштүк ж‑а социал.) бөлүнөт. Өндүрүштүк А. ч. и. – а. ч. өндүрүшүн камсыз кылуучу тармактардын ж‑а мекемелердин жыйындысы (электр, жылуулук, газ, сактоочу, муздатуучу жайлар ж‑а а. ч. продукцияларын ташууну камсыз кылуу). Социал. А. ч. и. – социал.-маданий шарттарды камсыз кылууга багытталган мекемелердин, курулуштардын жыйындысы. А. ч. өндүрүшү үчүн социал. инфраструктураны камсыз кылуу өтө маанилүү. Анткени, айыл жеринде туруктуу эмгек жамааттарынын түзүлүшү ж‑а калыптанышы, адистердин иштеп кетиши социал. инфраструктурага байланыштуу.