АЙЫЛ ЧАРБАСЫН АДИСТЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– эмгек­тин коомдук бөлүнүшүнүн бир түрү. Ал өн­дүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуунун зарыл шарты болуп эсептелип, ил.-тех. прогресс­ке, жердин күрдүүлүгүнө, тармактардын өз ара шайкеш, ийкемдүү болушуна, өндүргүч күч­төрдүн өнүгүшүнө ж‑а тигил же бул аймактын табигый‑климаттык шарттарына байланыштуу. Адистештирүүнүн деңгээли жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинде басымдуулугу же негиз­ги товардык продукция, айдоо аянтынын структурасы ж. б. көрсөткүчтөр м‑н аныкта­лат. Адистештирүү аймактык, тармактык ж‑а чарбалык болуп бөлүнөт. Аймактык адистеш­тирүү – а. ч‑нда коомдук эмгектин аймактар б‑ча бөлүнүшү же бир аймакта а. ч. продукцияла­рынын айрым түрлөрүнүн басымдуу өндүрүлүшү ж‑а товардык продукцияда анын басымдуулу­гу. Тармактык адистештирүү – коомдук эмгек­тин тармактар б‑ча, ар бир тармак ичинде да бөлүнүшү. Чарбалык адистештирүү – тигил же бул чарба жүргүзүүчү субъектте а. ч. тармакта­рынын айрым түрүнүн басымдуу өнүгүшү.

А. С. Ажыбеков.