АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

10:26, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ– өлкөнүн аймактарындагы топурак, климат­тык шарт, айдоо аянтынын структурасы, ры­ноктун алыс‑жакындыгы, экон. жана социал. инфраструктуранын өнүгүшү жана жайгашышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу менен а. ч. өндүрүшүнүн геогр. бөлүштүрүлүшү. Мында эм­гектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактар­дын салымы аныкталат жана а. ч. продукция­сынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистеш­тирүүгө шарт түзүлөт. Мис., Нарын обл‑нда не­гизинен мал чарбасы, анын ичинде кой жана жылкы чар­балары жайгаштырылган. Айыл чарбасын ади­cmeшmupyy жана А. ч. ө. ж. эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу жана бири би­рин шарттап турат.

А.С. Ажыбеков.