АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
(Айырма жок)

08:49, 26 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек (1. 12. 1932‑ж. т., На­рын обл., Жумгал р‑ну, Кыз‑Арт айылы) – кыр­гыздын туңгуч флейтачысы, КРдин эл артисти. 1947–52‑ж. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хо­реографиялык окуу жайын флейта адистиги б‑ча, 1957-ж. Москвадагы П. Чай­ковский атындагы мамлекеттик консер­ваториянын флейта клас­сын бүтүргөн. 1949‑ж. КР фи­лармониянын эл аспаптар оркестринде, 1951–52‑ж. Кыргыз мамлекеттик. опера ж‑a ба­лет театрында, 1952–57‑ж. Москвадагы цыгандардын «Ромэн» театрында, 1957–78‑ж. Кыргыз опера ж‑a ба­лет театрынын оркестринде иштеген. Бир эле мезгилде М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, 1978‑жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, кийин деканы (1982), 1993‑жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда декан, профессор болуп эмгектенген (1988). «Данакер» ордени м‑н сыйланган.

Файл:АЙТЫГУЛОВ14.png