АЙГЫР ЖАЛ өсүмдүгү: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

08:09, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЙГЫР ЖАЛ (Leucopoa) – дан өсүмдүктөр ту­кумундагы көп жылдык ири, нык түптүү өсүмдүк. Толук эки үйлүү эмес, биринде аталык­тары, экинчисинде энеликтери жана мөмөлүгү толук өрчүп жетилбеген. Сабагы 2 мге чейин. Жалбырактары узун, тасмадай. Кыргызстандын бийик тоо кыркаларынын шагыл‑таштуу жерлерин­де 2 түрү кездешет. Топ гүлү – татаал машак. Чөбү ката электе жылкыга жакшы тоют. Жалбырактары түшпөйт, кышында кой‑эчки, жылкы оттойт, бирок анын түбүндө ала курттун жумурткалары кышташы мүмкүн. Ошондук­тан андай кыштоолордо койлорду кармоого болбойт. Орто Азияда, Ыраакы Чыгышта өстүрүлөт. Кыргызстандын түштүгүндө эгилет.
Э. Б. Капарова.