АЙВАЗОВСКИЙ Иван Константинович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
imported>Mariya
(Айырма жок)

10:52, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЙВАЗОВСКИЙ, Г а й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900, ошол эле жерде] – орус сү­рөтчүсү,

Файл:АЙВАЗОВСКИЙ45.png

деңиз пейзажынын чебери. 1833‑37‑ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөт­чүсү. 1845‑жылдан Феодо­сияда жашап, өзүнүн өнөр­канасында сабак берген (1986) ж‑а сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑ж. академик, 1847‑ж. проф., 1887‑ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербур­гдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрү­нүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑ж. өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген ев­ропалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жо­гору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑ж. А. С. Пушкин менен таанышып, ага бир нече картиналарын арнаган. Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну менен күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирдүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт жана акварелдин автору.
Ад.: Пилипенко В. Н., Айвазовский И. К. М., 1980.



Файл:АЙВАЗОВСКИЙ1.png
И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус му­зейи. Ленинград.

И. К. Айвазовский «Тогузунчу вал». 1850. Орус му­зейи. Ленинград.