АЗХАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 ал‑Азхар (ар. ал‑Жами ал­Азхар – жаркыраган мечит) – Каирдеги ислам диний окуу жайлар комплекси; университет. 970–972‑ж. фатимиддер халифи ал‑Муизздин тушунда курулган. Ошол мезгилден негизинен куран таануу, хадис таануу, мусулман укугу ж. б. окутулат. 18‑к‑дан ун‑т мусулман өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алган ири диний, ма­даний борборго айланып, Каир ж‑а Мисирдин (Египет) тарыхында идеол., саясий жактан маа­нилүү роль ойногон. 20‑к‑дын башында А‑дын окуу программаларында, окуу процессинде ж‑а ички түзүмүндө бир топ реформалар жүргүзүлгөн.

1960‑ж. диний эмес ф‑ттер да ачылган. 21‑к‑дын башында Жогорку окумуштуулар кеңеши, Ис лам изилдөө академиясы ж‑а дин таануу, мусул ман укугу, ад‑т, адм. иштер ж‑а соода, инженер­дик, а. ч., мед., пед. ж‑а кыз‑келиндер ф‑ттери (бардыгы -9) ачылган. Ун‑тти ректор (А. шейхи) жетектейт. А‑да 20 минден ашуун кол жазмалар­дын ж‑а китептердин бай жыйнагы топтолгон. Өз журналын («Мажаллят аз‑Азхар» – «Азхар журналы»), программаларын чыгарып турат. Бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн дин кызматкерле­рин даярдоочу ири борбор катары эсептелет.