АЗОТТУУ СУУЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Temirkan No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЗОТТУУ СУУЛАР–''' курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сейрек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон ж. б. инерттүү газдар да кездешет. | '''АЗОТТУУ СУУЛАР–''' курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сейрек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон ж. б. инерттүү газдар да кездешет. Кыргызстандагы минералдуу суулардын басымдуу тобун Азоттук суулар түзөт <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> алардын катарына Жалал‑Абад, Ысык‑Ата, Жыргалаң, Ак‑Суу (Теплоключенка), Сары‑Жаз, Аламүдүн, Алтын‑Арашан булактары, Чоң Кызыл‑Суу, Көкөмерен, Ысык‑Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75‑95%). Азоттуу суулар гранит, гранодиорит, гнейстер ж. б. тоотектер аркылуу сарыкканда пайда болот.<br> | ||
03:51, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЗОТТУУ СУУЛАР– курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сейрек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон ж. б. инерттүү газдар да кездешет. Кыргызстандагы минералдуу суулардын басымдуу тобун Азоттук суулар түзөт жана алардын катарына Жалал‑Абад, Ысык‑Ата, Жыргалаң, Ак‑Суу (Теплоключенка), Сары‑Жаз, Аламүдүн, Алтын‑Арашан булактары, Чоң Кызыл‑Суу, Көкөмерен, Ысык‑Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү менен чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75‑95%). Азоттуу суулар гранит, гранодиорит, гнейстер ж. б. тоотектер аркылуу сарыкканда пайда болот.