АЗОТБАКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (Azotobacter) – абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун син­тездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал ша­палакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жак­шы иштетилген топуракта болот. А‑ден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч зат тар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан А. жер семирткичи алынат, к. Азот топтоочу микроорганизмдер.