АЗОСПЕРМИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
117-179>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(а... ж‑а гр. zoon – тирүү жандык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоиддердин) жоктугу. А. жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдыкканда пайда болот. Жыныс суюктугун микро скоп м‑н изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүргүзүлөт. А. эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.