АЗИМОВ Айзек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
м (Mariya moved page АЗИМОВ 1 to АЗИМОВ Айзек)
(Айырма жок)

02:33, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЗИМОВ Айзек (1920, Петровичи, Смоленск губ., азыркы Смоленск обл. – 6. 4. 1992, Нью­Йорк) – америкалык жазуучу‑фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия университетин бүткөн (1939), Бостон университетинде сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Биринчи романы – «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Тирек» үчилтиги (1966) атак‑даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фан­тастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам м‑н машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары ана­лизденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү, ар түрдүү эн­циклопедиялардын, анын ичинде Библия ж‑а Шекспир б‑ча китептердин автору катары белгилүү. Илимий ­фантастикалык ж‑а илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960‑жылдын ортосунан орус тилине которулган.