АЖЫРАШ АЯК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. А. берип жаткан киши алар м‑н кошуна турган мезгилде өөдө‑төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. А. берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. А. бербей көчүү коң шуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсеп­тегендик, а түгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында А. берүү сал ты сакталып калган.