АДЫР-ТӨР МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
117-179>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– Сары‑Жаз кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары‑Жаз суусунун жогорку сол куймасы Адыр‑Төр суусунун алабында, Муш кетов мөңгүсүнүн түш. тарабында жайгашкан. Уз. 6 км, аянты 11,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5580 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляциясынын аянты 4,2 км2. «Тили» 1943‑ж. өтө чегинип, тыгыз абалда болгон. 1959‑ж. ал 540 жге алдыга жылып, Мушкетов мөңгүсү жаткан өрөөнгө чыккан. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. «Тилинин» учунан фирн обл‑на чейинки бети төө карын (морена) сымалданып тегиз эмес, жаракалар арбын. Мөңгүдөн агып чыккан суу АдырТөргө сол жактан куят.