АДИАБАТА ПРОЦЕССИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
117-179>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– системада тышкы чөйрө м‑н жылуулук алмашпастан өтүүчү тер мод. процесс. А. п. жылуулук өткөрбөөчү (адиабаталык) катмардуу системаларда болот. Мис., тышкы чөйрө м‑н жылуулук алмашууга үлгүрбөй турган системада өтө тез өтүүчү процессти, вакуумдагы зат м‑н жүргүзүп жаткан тажрыйбаны А. п. деп айтсак болот, себеби идиштин ичи сырткы чөйрөдөн жылуулук өткөрбөйт, о. эле жогору көтөрүлгөн аба атм. басымдын ылдыйлашы м‑н адиабаталык кеңейет. Бул аба нын муздашына алып келет. А. п. кайталанышы (Кайталанма процесс) ж‑а кайталанбашы
(Кайталанбоочу процесс) мүмкүн. А. п. негизи нен системанын ички энергиясынын өзгөрүшүнө, системага карата же системанын тышкы чөйрөгө карата аткарган жумушуна көз каранды. Ал изо терма процессинен айырмаланып, турактуу темп‑рада өтөт.