АДАПТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (англ. adapter – ылайыктагыч, лат. adapto – ылайыктоо) -1)эсептөө техни­касында – ЭЭМди перифериялык (четки) жабдуулар (принтер, дисплей, сканер ж. б.) м‑н байланыштыруучу түзүлүш. Мис., график­тик А. – информацияны (символдук, график­тик) дисплейдин экранына чыгарат, санарип­тик сигналды окшоштук (аналогдук) сигналга

өзгөртөт. Энелик тактада электрондук схема же микросхема түрүндө өзүнчө тактада (плата­да) аткарылат; анын оперативдүү эси, атайын процессору бар; 2)электр‑техникада­өзгөрмө агын (ток) тармагын (220 В) турактуу чыңалууга (1,5‑15 В) өзгөрткүч; колго алып жүрмө радио кабылалгычтын аккумуляторун, плеерди, мобилдүү телефонду, санариптик өлчө­гүч приборду ж. б‑ды заряддоо үчүн колдону­лат; 3)сүрөткө тартууда (фотография­да) – фотоаппаратка башка форматтагы жарык сезгич материалды пайдаланууга мүмкүндүк бе­рүүчү кошумча кассета; стандартсыз бекитилген алмаштырма объективди фотокамерага жалгаш­тыруучу түзүлмө (өткөөл втулка, шакекче же фланец).