АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – мам­лекеттин белгилүү шарттарда адамга кайсы бир даражада материалдык убай көрүүгө мүмкүнчү­лүк берүүчү конституциялык укуктарынын жы­йындысы. А. с. у‑на социал. камсыздоо, билим алуу, саламаттыгын сактоо, мед. жардам алуу, турак жайга болгон укуктары, балдар м‑н эне­лердин, майыптардын өзгөчө укуктары кирет. А. с. у. конституциялык деңгээлде дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө бекитиле элек. Алар алгач азыркы көз карандысыз шериктеш мам­лекеттердин конституцияларында бир кыйла толугураак жарыяланган. Айрым өнүккөн де­мокр. (ГФР, Франция, Италия), о. эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө (Монголия, Болгария, 

Венгрия, Албания, Бириккен Египет Республи
касы ж. б.) конституциялык деңгээлде
экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана бекем
деле баштаган, бирок алардын
реалдуу гарантиялары, сот тарабынан
корголушу көрсөтүлгөн эмес. А. с. у. өз алдынча болбостон конституциялардын соци ал., экон. саясатынын негизги принциптерине арналган айрым бөлүктөрүндө жайгаштырыл­ган.

М. Керимбаев.