АГРЕССИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Jortbek
No edit summary
imported>Kerimova-59
No edit summary
1 сап: 1 сап:
,  (лат. aggressio ‒ кол салуу) э л  а р а л ы к  у к у к т а ‒ мамлекеттер аралык мамиледе мыйзамды бузуп күч колдонуу. 1974-ж. 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган аныктама б-ча мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверенитетине, аймагынын кол тийбестигине же саясий көз каранды эместигине карата куралдуу же БУУнун Уставына дал келбеген күч колдонуу. Күч колдонуу ыкмасы б-ча ''тике'' ж-а ''кыйыр'' болуп бөлүнөт. Жогорудагы аныктама А-га кошо катышуу сыяктуу өзгөчө жагдайды да камтыйт (мис., өз аймагын А-лык иш-аракет жүргүзүү үчүн берүүсү). А-нын өзгөчө кооптуу формасы болуп куралдуу күч колдонуу эсептелет, ал эл аралык кылмыш катары баалануу м-н эл аралык жоопкерчиликке тартылат. А-нын натыйжасында тартылып алынган аймактар же башка олжолор (аннекциялар) мыйзамдуу боло албайт. А-нын жасалышы тууралуу фактыны тактоо укугу БУУнун Коопсуздук кеӊешине таандык. Мис., 1990‒91-ж-дагы Кувейтке каршы А-га байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеӊеши Иракка каршы олуттуу санкцияларды берген. Ал экон., идеол., психол. же башка формаларда болушу мүмкүн.
'''АГРЕССИЯ''',  (лат. aggressio ‒ кол салуу) э л  а р а л ы к  у к у к т а ‒ мамлекеттер аралык мамиледе мыйзамды бузуп күч колдонуу. 1974-ж. 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган аныктама б-ча мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверенитетине, аймагынын кол тийбестигине же саясий көз каранды эместигине карата куралдуу же БУУнун Уставына дал келбеген күч колдонуу. Күч колдонуу ыкмасы б-ча ''тике'' ж-а ''кыйыр'' болуп бөлүнөт. Жогорудагы аныктама А-га кошо катышуу сыяктуу өзгөчө жагдайды да камтыйт (мис., өз аймагын А-лык иш-аракет жүргүзүү үчүн берүүсү). А-нын өзгөчө кооптуу формасы болуп куралдуу күч колдонуу эсептелет, ал эл аралык кылмыш катары баалануу м-н эл аралык жоопкерчиликке тартылат. А-нын натыйжасында тартылып алынган аймактар же башка олжолор (аннекциялар) мыйзамдуу боло албайт. А-нын жасалышы тууралуу фактыны тактоо укугу БУУнун Коопсуздук кеӊешине таандык. Мис., 1990‒91-ж-дагы Кувейтке каршы А-га байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеӊеши Иракка каршы олуттуу санкцияларды берген. Ал экон., идеол., психол. же башка формаларда болушу мүмкүн.


''М. Артыкбаев, Н. К. Алиева.''
''М. Артыкбаев, Н. К. Алиева.''

11:45, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АГРЕССИЯ, (лат. aggressio ‒ кол салуу) э л а р а л ы к у к у к т а ‒ мамлекеттер аралык мамиледе мыйзамды бузуп күч колдонуу. 1974-ж. 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган аныктама б-ча мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверенитетине, аймагынын кол тийбестигине же саясий көз каранды эместигине карата куралдуу же БУУнун Уставына дал келбеген күч колдонуу. Күч колдонуу ыкмасы б-ча тике ж-а кыйыр болуп бөлүнөт. Жогорудагы аныктама А-га кошо катышуу сыяктуу өзгөчө жагдайды да камтыйт (мис., өз аймагын А-лык иш-аракет жүргүзүү үчүн берүүсү). А-нын өзгөчө кооптуу формасы болуп куралдуу күч колдонуу эсептелет, ал эл аралык кылмыш катары баалануу м-н эл аралык жоопкерчиликке тартылат. А-нын натыйжасында тартылып алынган аймактар же башка олжолор (аннекциялар) мыйзамдуу боло албайт. А-нын жасалышы тууралуу фактыны тактоо укугу БУУнун Коопсуздук кеӊешине таандык. Мис., 1990‒91-ж-дагы Кувейтке каршы А-га байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеӊеши Иракка каршы олуттуу санкцияларды берген. Ал экон., идеол., психол. же башка формаларда болушу мүмкүн.

М. Артыкбаев, Н. К. Алиева.