АВТОТРАНСФОРМАТОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v1e2_72-116>Kadyrm
No edit summary
 
v1e2_72-116>Kadyrm
No edit summary
(Айырма жок)

12:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(авто ... ж-а трансфор матор) ‒ төмөнкү чыӊалуудагы оромосу жогорку чыӊалуудагы оромосунун бөлүгү болуп жасалган электр трансформатору. А-дун өзгөртүү

коэфф-и n=U1/U2= W1/W2, мындаU1 ‒ жогорку чыӊалуу, U2 ‒ төмөнкү чыӊалуу, W1 ж-а W2 ‒ А-дун оромолорундагы оромдорунун саны. Өзгөртүү коэфф-и кичине болгондо А. кадимки трансформаторго караганда жеӊил ж-а арзан болот. А-дун кемчилиги ‒ биринчилик ж-а

Файл:АВТОТРАНСФОРМАТОР6.png
Эки чыӊалуулуу (500‒750 кВ) линияларды байланыштыруучу автотрансформатор ж-а анын электрдик схемасы.

экинчилик тизмектеринин гальваникалык байланышы. Жүгү барда жөндөлүүчү аз кубаттуулуктагы А-дун алгы чекитин жылдыруу м-н экинчилик чыӊалууну кеӊири чектерде өзгөр түүгө болот. Ал башкаруу тизмектеринде, автоматтык түзүлмөлөрдө ж-а тажрыйба орнотмолорунда колдонулат. Кубаттуу А-лордо чыӊалуу кадимки трансформатордогудай эле жөндөлөт. Алар чыӊалууларынын мааниси жакын электр торлорун байланыштыруу үчүн колдонулат (мис., 500 кВ ж-а 330 же 220 кВ), үч фазалуу же үч бир фазалуу тайпадан жасалат. Бул А-до таӊдайлашпаган жүктөр учурунда чыӊалууну бурмалабас үчүн үч бурчтук түрүндө кошулган үчүнчү оромо кошумча жасалат. Ж. А. Апышев.