АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Adina
No edit summary
imported>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)
2 сап: 2 сап:


''Ж. А. Апышев.''
''Ж. А. Апышев.''
[[Категория:1-Том]]

02:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы

АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ ‒ график, чийме ж. б-ды жогорку тактыкта автоматтык түрдө чийүүчү түзүлмө. Автоматташтырылган долбоорлоо системасынын маалыматты чыгаруучу негизги түзүлмөлөрүнүн бири жана конструктордун автоматташтырылган жумушчу орунунун негизги бөлүгү. Ал маалыматты инпульс түрүндө ошол автоматташтырылган долбоорлоо системасы менен автоматташтырылган жумуш орунундагы компьютерден алат. Сүрөттү чөйрө сызыгы (контуру) боюнча чийет жана чекиттер боюнча түзөт, андан тышкары тактачалык (планшеттик) жана рулондук прибор болуп бөлүнөт. Куроодо (монтаждоодо), карта тартууда, долбоорлоодо, маалыматтык өлчөө системасында ж. б. колдонулат.

Ж. А. Апышев.