АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

05:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ график, чийме ж. б-ды жогорку тактыкта автоматтык түрдө чийүүчү түзүлмө. Автоматташтырылган долбоорлоо системасынын маалыматты чыгаруучу негизги түзүлмөлөрүнүн бири ж-а конструк тордун автоматташтырылган жумушчу орунунун негизги бөлүгү. Ал маалыматты инпульс түрүндө ошол автоматташтырылган долбоорлоо системасы м-н автоматташтырылган жумуш орунундагы компьютерден алат. Сүрөттү чөйрө сызыгы (контуру) б-ча чийет ж-а чекиттер б-ча түзөт, андан тышкары тактачалык (планшеттик) ж-а рулондук прибор болуп бөлүнөт. Куроодо (монтаждоодо), карта тартууда, долбоорлоодо, маалыматтык өлчөө системасында ж. б. колдонулат.

Ж. А. Апышев.