АВТОМАТТЫК ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v1e2_72-116>Kadyrm
No edit summary
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

05:27, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ атууда окту кыймылга келтирүүгө, кайталап октоого ж-а кезектеги окту атууга даярдоо үчүн күйгөн дарынын энергиясын колдонуучу куралдар (пулемет, пистолет-пулеметтор, автоматтык мылтыктар, замбиректер ж. б.). 19-к-дын экинчи жарымында пайда болгон. 1863-ж. Р. Пилон (Америка) биринчи жолу автоматтык куралды жасап чыккан. Россияда биринчи автоматтык ок атуучу курал Д. А. Рудницкий тарабынан жасалган. 1900-ж. башында көпчүлүк мамлекеттерде Мадсендин мылтык-пулемету, кийинчерээк амер. конструктор Х. Максимдин пулемету кеӊири пайдаланылган. Улуу Ата
Файл:АВТОМАТТЫК ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР20.png
М. Г. Калашниковдун АК-74М автоматы.

Мекендик согуш учурунда (1941‒45) В. А. Дегтярев, Ф. В. Токарев, Г. С. Шпагин, С. Г. Симонов ж. б. тарабынан А-тын жаӊы үлгүлөрү жасалган. Азыркы учурда М. Г. Калашников , Е. Ф. Драгунов, Н. Ф. Макаров тарабынан конструкцияланган А. О. А. К. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине пайдаланууга киргизилген.