АБДЫКАЛЫКОВ Жолдошбай: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
9-71>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
Жолдошбай (21. 5. 1935, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Таштак айылы – 31. 11. 2002, Бишкек) – акын, котормочу, Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. лауреаты, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1985). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн. Туңгуч ырлар жыйнагы «Жылдызстан» 1961-ж. жарык көргөн. А. - «Бакыт гүлдөрү» (1963), «Жашоо бүтпөйт» (1965), «Кош жылдыз» (1967), «Ак толкундар» (1968), «Түнкү серенада» (1969), «Таштагым менин, Таштагым» (1970), «Теребел» (1970), «Дүйүм дарак» (1973) ырлар жыйнагынын автору. Ал ырларын классикалык кыргыз поэзиясынын салты м-н жазган. Күндөлүк турмуш чындыгын нукура реалисттик боёктор м-н туюнтууга умтулган анын ырларында, поэмаларында атуулдук пафос, патриотчул эргүүлөр, тунук лиризм жыш учурайт. Ырлары чет тилдерге которулган. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, В. В. Маяковскийдин ж-а Бангладеш, Латын Америка акындарынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.