АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

08:58, 17 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ – тез байланыштыруучу каналдар менен туташтырылган дүйнөлүк жана аймактык (улуттук) метеорол. борбордон туруучу система. Анын максаты – улуттук метеорол. кызматтын ишин жеңилдетүү жана жакшыртуу үчүн бүт жер шарындагы аба ырайы ж-дө маалыматтарды топтоо жана аларды аныктоону борборлоштуруу. Борбордо материал. топтоо жана аныктоо жумуштары автоматташтырылган түрдө жүргүзүлүп, жерг. метеорол. кызматтар үчүн даяр карталарды, күндөлүк жана боло турган аба ырайы, океандын абалы ж-дөгү маалыматтарды таратып турат.