АБА ЫРАЙЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
9-71>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
- атм-нын белгилүү бир убактагы (сутка, ай, жыл ичиндеги) же аймактагы абалы. А. ы. атм-дагы абанын темп-расы, нымдуулугу, басымдын өзгөрүшү, туман, жаан-чачын, шамал ж. б. метеорол. кубулуштардын жыйынтыгы б-ча аныкталат. А. ы-нын көп жылдык режими климат деп аталат. Анын өзгөрүшү күн энергиясы м-н жер бетинин өз ара тийгизген таасиринен пайда болуучу физ. процесстерге, атм-нын циркуляциясына ж. б. факторлорго көз каранды. Жер-жерлердеги станциялардан ж-a космостук приборлордон белги лүү бир борборго келип түшкөн метеорол. элементтер б-ча синоптикалык карталар түзүлүп, А. ы. маалыматталып турат. А. ы. жер бетиндеги жаныбарлардын тиричилигине, адамдардын өмүрүнө тике таасир тийгизет. А. ч., авиация, транспорт ж. б. үчүн анын мааниси чоң.