«АЧЫК БАРАК» («ОТКРЫТЫЙ ЛИСТ»): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ КРдин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамына ылайык, археол. изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн археолог -адиске берилүүчү расмий документ. КР УИАнын Тарых ин-ту тарабынан берилип, Мад-т министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүмүндө катталат. «А. б-тын» төрт түрү бар: 1) археол. эстеликтердин бардык түрүн казууга, изилдөөгө берилет; 2) археол. чалгындоо иштерин жүргүзүүгө ж-а айрым гана эстеликти изилдөөгө укук берет; 3) археол. чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берет; 4) курулуш иштери же ж. б. себептер м-н бузулуп жаткан эстеликтерди изилдөөгө укук берет. Археол. казуу мезгилинде табылган буюмдар мамл. музейге өткөрүлөт, Кырг-ндан башка жакка алып кетүүгө тыюу салынган. «А. б.» жок археол. казуу иштерин жүргүзгөн адам кылмыш жоопкерчилигин е тартылат. К. Табалдиев.