«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – төкмө акындардын чыг‑лыгын кол­доо максатында түзүлгөн мекеме. Ишкер Садык Шер Нияз – тарабынан негизделген (2001). 2004­жылдан фондцу төкмө акын Э. Иманалиев же­тектейт. Фонд КРдин эл артисттери, акындар А. Айталиевдин ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мек­тебинин түптөлүшүнө, төкмө акындар респ. эл­аралык айтыштарга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу м‑н «Актаң­дайлар» аттуу китеп жарык көрдү (2003), респ. айтыштардын видео, аудио кассета, компакт­дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» ада­бий клубу негизделип, УТРКнын «Айтыш», «Че­чен айтыш», «Бетме‑бет» телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат.	Ж.	Медералиева.