АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)
imported>Gulira
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ''' – Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарды жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамзаттын эркиндиктери жана укуктары, табигый ресурстарды туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери Кыргыз Республикасынын айлана‑чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.
'''АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ''' – Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарды жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамзаттын эркиндиктери жана укуктары, табигый ресурстарды туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери Кыргыз Республикасынын айлана‑чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) жана башка нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.

''А. Чоров.''

''А. Чоров.''

[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

08:01, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ – Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарды жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамзаттын эркиндиктери жана укуктары, табигый ресурстарды туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери Кыргыз Республикасынын айлана‑чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) жана башка нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.

А. Чоров.