КОРГОШУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРГОШУН</b> (лат. Plumbum), Рb – <i>элементтер­дин мезгилдик системасынын</i> IV тобунан орун алган | <b type='title'>КОРГОШУН</b> (лат. Plumbum), Рb – <i>элементтер­дин мезгилдик системасынын</i> IV тобунан орун алган химиялык элемент, атом номери 82, атом массасы 207,19. Табиятта туруктуу 4 изотобу бар: <sup>204</sup>Pb, <sup>206</sup>Pb, <sup>207</sup>Pb, <sup>208</sup>Pb. Акыркы 3 изотобу радиоактивдүү элементтердин ажырашынан пайда болот. Жер кыртышында массасы 1,6–10<sup>-3</sup>%ти түзөт. Коргошун таза түрүндө да учурайт. Маанилүү минералы – гале­нит. PbS (коргошун жалтырагы) бардык суль­фиддик кендерде кездешет. Коргошун – жумшак, иш­тетүүгө ж-а чоюлууга ийкем, боз түстөгү металл; тыгыздыгы 11,34 <i>г/см</i><sup>3 </sup>(20°), балкып эрүү t 327,4°С; кай­ноо t 1745°C. Ал оңой кесилет ж-а жукарат. Кадимки шартта атмосферанын таасирине ж-а бир топ химиялык реагенттерге (суу, аммиак, сода, күкүрт, туз кислоталарынын суюлтулган эритмелери ж. б.) туруктуу. Суюлтулган кислоталарда эрибейт. Азот, уксус кислоталарында, щелочтун эритмесинде жак­шы эрийт. Туз, күкүрт кислоталарында эрибейт. Ка­димки шартта абада үстүнкү бети гана окисте­нет да, андан аркы кычкылдануудан коргоочу жука катмар PbO пайда болот. Ысытканда <i>га­логендер, күкүрт, селен, теллур</i> м-н түздөн түз аракеттенет. Химиялык бирикмелеринде II валенттүү (IV валенттүүлүк да мүнөздүү). Эки валенттүү коргошун сууда эрий турган нитраттарды, хлораттарды, ацетаттарды, начар эрий турган хлориддерди, фториддерди ж-а эрибей турган хроматтарды, фосфаттарды, карбонаттарды, молибдаттарды, сульфиддерди пайда кылат. Коргошунду тазалоодо элек­тролит катары кремний фториди пайдаланылат. Коргошундун (IV) бирикмелери анча туруктуу эмес. Коргошунду алуунун негизги сырьёсу болуп коргошун. жаркы­рагы РbS эсептелет. Маанилүү бирикмелери – коргошун оксиддери PbO, PbO<sub>2</sub>, Pb<sub>2</sub>О<sub>4 </sub>сульфиди PbS, нитраты Pb(NO<sub>3</sub>)<sub>2</sub>, хроматы PbCrO, тетратил коргошун Hb(C<sub>2</sub>H<sub>5</sub>)<sub>4 </sub>ж. б. Коргошун көбүнчө сульфид рудаларынан алынат. Коргошун техникалык кабелдерди, ак­кумулятор пластинкаларын даярдоодо, күкүрт кислотасын өндүрүүчү заводдо аппаратуралардын негизги бөлүктөрүн даярдоодо, куймаларды алууда (басмакана куймаларын ж. б.), гамма ж-а рентген нурларын жакшы сиңиргендиктен, радиоактивдүү заттар м-н иштөөдө алардан сак­танууда, тетраэтил коргошун-ду өндүрүүдө колдонулат. Коргошундун бардык эрүүчү бирикмелери – уу. Дем алуу жолдору, ичеги, карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, бөйрөккө, сөөккө чогулат. Уулануу болгондо, ич ооруп, кан басымы жого­рулап, аз кандуулук, полиневрит байкалат, шал болуу да мүмкүн. | ||
кыртышында массасы 1,6–10<sup>-3</sup>%ти түзөт. | |||
түрүндө да учурайт. Маанилүү минералы – гале­нит. PbS (коргошун жалтырагы) бардык суль­фиддик кендерде кездешет. | |||
жолдору, ичеги, карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, бөйрөккө, сөөккө чогулат. Уулануу болгондо, ич ооруп, кан басымы жого­рулап, аз кандуулук, полиневрит байкалат, шал болуу да мүмкүн. | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
09:40, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КОРГОШУН (лат. Plumbum), Рb – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунан орун алган химиялык элемент, атом номери 82, атом массасы 207,19. Табиятта туруктуу 4 изотобу бар: 204Pb, 206Pb, 207Pb, 208Pb. Акыркы 3 изотобу радиоактивдүү элементтердин ажырашынан пайда болот. Жер кыртышында массасы 1,6–10-3%ти түзөт. Коргошун таза түрүндө да учурайт. Маанилүү минералы – галенит. PbS (коргошун жалтырагы) бардык сульфиддик кендерде кездешет. Коргошун – жумшак, иштетүүгө ж-а чоюлууга ийкем, боз түстөгү металл; тыгыздыгы 11,34 г/см3 (20°), балкып эрүү t 327,4°С; кайноо t 1745°C. Ал оңой кесилет ж-а жукарат. Кадимки шартта атмосферанын таасирине ж-а бир топ химиялык реагенттерге (суу, аммиак, сода, күкүрт, туз кислоталарынын суюлтулган эритмелери ж. б.) туруктуу. Суюлтулган кислоталарда эрибейт. Азот, уксус кислоталарында, щелочтун эритмесинде жакшы эрийт. Туз, күкүрт кислоталарында эрибейт. Кадимки шартта абада үстүнкү бети гана окистенет да, андан аркы кычкылдануудан коргоочу жука катмар PbO пайда болот. Ысытканда галогендер, күкүрт, селен, теллур м-н түздөн түз аракеттенет. Химиялык бирикмелеринде II валенттүү (IV валенттүүлүк да мүнөздүү). Эки валенттүү коргошун сууда эрий турган нитраттарды, хлораттарды, ацетаттарды, начар эрий турган хлориддерди, фториддерди ж-а эрибей турган хроматтарды, фосфаттарды, карбонаттарды, молибдаттарды, сульфиддерди пайда кылат. Коргошунду тазалоодо электролит катары кремний фториди пайдаланылат. Коргошундун (IV) бирикмелери анча туруктуу эмес. Коргошунду алуунун негизги сырьёсу болуп коргошун. жаркырагы РbS эсептелет. Маанилүү бирикмелери – коргошун оксиддери PbO, PbO2, Pb2О4 сульфиди PbS, нитраты Pb(NO3)2, хроматы PbCrO, тетратил коргошун Hb(C2H5)4 ж. б. Коргошун көбүнчө сульфид рудаларынан алынат. Коргошун техникалык кабелдерди, аккумулятор пластинкаларын даярдоодо, күкүрт кислотасын өндүрүүчү заводдо аппаратуралардын негизги бөлүктөрүн даярдоодо, куймаларды алууда (басмакана куймаларын ж. б.), гамма ж-а рентген нурларын жакшы сиңиргендиктен, радиоактивдүү заттар м-н иштөөдө алардан сактанууда, тетраэтил коргошун-ду өндүрүүдө колдонулат. Коргошундун бардык эрүүчү бирикмелери – уу. Дем алуу жолдору, ичеги, карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, бөйрөккө, сөөккө чогулат. Уулануу болгондо, ич ооруп, кан басымы жогорулап, аз кандуулук, полиневрит байкалат, шал болуу да мүмкүн.