КОРГООЧУ ТОКОЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРГООЧУ ТОКОЙ</b> – түрдүү объектилерди та­бияттын ыңгайсыз шарттарынан коргоочу та­бигый ж-а атайын өстүрүлгөн токой. Бардык токой ар кандай даражада коргоо милдетин ат­карат. Ал климатка, жердин үстүнкү катмары­нын | <b type='title'>КОРГООЧУ ТОКОЙ</b> – түрдүү объектилерди та­бияттын ыңгайсыз шарттарынан коргоочу та­бигый ж-а атайын өстүрүлгөн токой. Бардык токой ар кандай даражада коргоо милдетин ат­карат. Ал климатка, жердин үстүнкү катмары­нын химиялык курамына оң таасир тийгизет. Бийик тоолуу жерде өскөн токой кар көчкүдөн, сел­ден, тоо топурагын эрозиядан, чөлдүү жерлер­дин чет жакаларындагы токой пайдаланып жаткан айыл чарба жерин шамал учуруп келген кум­дан коргойт, дарыя жээгиндеги токойлор суу­нун жерге сиңишин жакшыртып, жер астында­гы суунун запасын толуктайт, көлмө жээгинде­ги токой балык урук таштоого жакшы шарт түзөт. Токой топуракты эрозиядан, шамалдын айыл чарбасына тийгизүүчү терс таасиринен сактап, аба­ны ар кандай чаңдан тазартат ж. б. Коргоочу токой жол, канал ж. б. объектилерди шамал учуруп келген кар, кум ж. б-дан сактайт, жер кыртышынын эрозияга учурап, аң-коктулардын пайда болу­шуна жол бербейт; катуу шамалды басаңдатат. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
09:30, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КОРГООЧУ ТОКОЙ – түрдүү объектилерди табияттын ыңгайсыз шарттарынан коргоочу табигый ж-а атайын өстүрүлгөн токой. Бардык токой ар кандай даражада коргоо милдетин аткарат. Ал климатка, жердин үстүнкү катмарынын химиялык курамына оң таасир тийгизет. Бийик тоолуу жерде өскөн токой кар көчкүдөн, селден, тоо топурагын эрозиядан, чөлдүү жерлердин чет жакаларындагы токой пайдаланып жаткан айыл чарба жерин шамал учуруп келген кумдан коргойт, дарыя жээгиндеги токойлор суунун жерге сиңишин жакшыртып, жер астындагы суунун запасын толуктайт, көлмө жээгиндеги токой балык урук таштоого жакшы шарт түзөт. Токой топуракты эрозиядан, шамалдын айыл чарбасына тийгизүүчү терс таасиринен сактап, абаны ар кандай чаңдан тазартат ж. б. Коргоочу токой жол, канал ж. б. объектилерди шамал учуруп келген кар, кум ж. б-дан сактайт, жер кыртышынын эрозияга учурап, аң-коктулардын пайда болушуна жол бербейт; катуу шамалды басаңдатат.