КРИСТАЛЛ ТОРЧОСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КРИСТА́ЛЛ ТОРЧОСУ</b> – атомдор, иондор жана | <b type='title'>КРИСТА́ЛЛ ТОРЧОСУ</b> – атомдор, иондор жана молекулалар белгилүү ирээтте үч координаттык багыт (<i>x, y, z</i>) боюнча жайгашып, мезгилдүү түрдө кайталанып турган (түз же кыйгач бурчтуу па­раллелепипед түрүндө) кристалл мейкиндигин­деги бөлүкчө. Ушуга ылайык кристаллдар атом­дук, иондук жана молекулалык болуп бөлүнөт. Атомдук кристаллдар туруктуу, эң катуу жана эрүү темп­расы жогору болот (алмаз, кремний, металл карбиддери ж. б.). Иондук кристаллдарга ок­сиддер, ар түрдүү туздар, щелочтор өңдүү курам­дары иондордон (катион, анион) турган заттар кирет. Металлдык кристаллдардын атомдору арасында жеңил кыймылга келе турган элек­трондор жайгашкандыктан, электр тогун жак­шы өткөрүүчү заттар. Молекулалык кристаллдардын түйүндөрүн негизинен молекулалар ээлеп, алар­дын ортосунда <i>ван күчтөрү</i> (начар байланыш) аракеттенет. | ||
молекулалар белгилүү ирээтте үч координаттык багыт (<i>x, y, z</i>) | |||
[[Категория:4-том, 547-596 бб]] | [[Категория:4-том, 547-596 бб]] | ||
05:14, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КРИСТА́ЛЛ ТОРЧОСУ – атомдор, иондор жана молекулалар белгилүү ирээтте үч координаттык багыт (x, y, z) боюнча жайгашып, мезгилдүү түрдө кайталанып турган (түз же кыйгач бурчтуу параллелепипед түрүндө) кристалл мейкиндигиндеги бөлүкчө. Ушуга ылайык кристаллдар атомдук, иондук жана молекулалык болуп бөлүнөт. Атомдук кристаллдар туруктуу, эң катуу жана эрүү темпрасы жогору болот (алмаз, кремний, металл карбиддери ж. б.). Иондук кристаллдарга оксиддер, ар түрдүү туздар, щелочтор өңдүү курамдары иондордон (катион, анион) турган заттар кирет. Металлдык кристаллдардын атомдору арасында жеңил кыймылга келе турган электрондор жайгашкандыктан, электр тогун жакшы өткөрүүчү заттар. Молекулалык кристаллдардын түйүндөрүн негизинен молекулалар ээлеп, алардын ортосунда ван күчтөрү (начар байланыш) аракеттенет.