КУДАШЕВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КУДА́ШЕВ Сайфи Фаттахович (жашырын аты – Сайфи Кудаш) [21. 9(3. 10). 1894, азыркы Башкырт АССРи, Чишмин р-ну, Кляшев айылы – 29. 6. 1993, Уфа] – башкырт совет акыны, Башкырт эл акыны (1964). Чыг-лыгы 1913-жылдан башталган. Ал чыгармаларын татар, орус тилдеринде жазган. К.– «Эркиндик ыры» (1917), «Соко ыры» (1926), «Күрөш каарманы» (1928), «Жүрөгүм менен» (1956), «Менин бакчамда» (1964) ж. б. ыр жыйнактардын, «Октябрь», «Устаканада» (1920), «Кат» (1930) поэмаларынын, «Кушкаен» (1936) деген ыр менен жазылган романдын жана «Унутулгус мүнөттөр» (1957) аттуу мемуардык китептин автору. К-дин ад-т таануу б-ча да эмгектери бар. Башкырт АССР Жогорку Советинин депутаты (1947–63). Ленин ордени, башка 4 орден менен сыйланган.