КУБ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КУБ (гр. kebos, лат. cubus) – 1) грандары бирибирине барабар 6 квадраттан турган тик бурчтуу параллелопипед. К. параллелопипеддин бардык кассиеттерине ээ. К-дун өз ара перпендикуляр 12 кыры, өз ара перпендикуляр 3төн кыры келип кошулган 8 чокусу болот. К. диагоналдары кесилишип өткөн борб., 9 октук, 9 тегиздиктик симметрияга ээ. Карама-каршы жаткан грандарынын борболору аркылуу өткөн түз сызык же бир гранда жатпаган карама-каршы эки кырынын ортолору аркылуу өткөн түз сызык К-дун симметрия огу болсо, каалаган эки симметрия огу аркылуу өткөн тегиздик К-дун симметрия тегиздиги болот. Кыры а болгон К-дун диагоналы a 3 , толук бети S =6а2, көлөмү V=a3деп табылат. К-га ичтен сызылган сферанын радиусу r=a/2 болсо, ага сырттан сызылган сферанын радиусу R= a 3 ге барабар. К. кээ- 2 де туура гексаэдр деп да аталат. 2) а санынын үчүнчү даражасы a–a–a=a3 ошол сандын К-у деп аталат.