КУАЛА-ЛУМПУР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КУА́ЛА-ЛУ́МПУР – Малайзиянын борбору, шаар. Федерация аймагы статусуна ээ. Селан­гор штатынын адм. борбору. Малакка ж. а-нын түш.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,5

Шаардын бир бө­лүгү.

млн (2009; шаар агломерациясында 7,6 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорттору бар. К.-Л-дун деңиз аванпорту Келанг (2007-ж. 133,5 млн т жүк ташылган). Өлкөнүн экон., саясий, ил. жана маданий ири борбору. Кытай калай ка­зуучулары тарабынан 1857-ж. негизделген. 19-

к-дын 80-жылдарында шаарга айланган. 1946– 57-ж. Англия ээлиги Малайя Союзунун (1948– 57-ж. Малайя Федерациясы), 1957–63-ж. көз ка­ранды эмес Малайя Федерациясынын, 1963-жыл­дан Малайзиянын борбору. 2001-ж. К.-Л. «улут­тук жана мыйзам чыгаруучу борбор» статусун алган. Металл иштетүү, жыгаччылык, тамак­аш ө. ж. ишканалары иштейт. Каучук иштети­лет. К.-Л. өлкөнүн информ. технологиясынын башкы борбору. Ири 40 авиакомпания (а. и. «Malaysia Airlines», туристтик маршруттарга адистештирилген) иштейт. Дүйнөдөгү эң бийик имарат Эгиз мунара же Петронас комплекси (бийикт. 452 м, 88 кабат) ушул шаарда жай­гашкан. Анда көпүрө (48-кабатта), телемунара (421 м; бийикт. б-ча дүйнөдө 4-орунда), айла­нып жүрмө ресторан, обсерватория бар. Чань­цзясы кытай храмы, Масжид Жамек мечити (ин­димоңгол стилинде), Шри-Махамариамман ин­дуисттер храмы, Дайябуми комплекси (араб-ви­зантия стилинде), готика стилиндеги Ыйык Ма­рия чиркөөсү, султан Абдул Самаддын ак са­райы (саат мунарасы менен, бийикт. 30 м), Иста­на Негара (Малайзия королунун расмий рези­денциясы), Чайнатаун, табигый парктар (а. и. орхидея, гибискус өстүрүлүп, көпөлөк, куштар жана эликтер мекендейт) сакталган. К.-Л-дан түндүктө дүйнөдөгү эң ири Бату-Кейвс үңкүр храм комплекси (1891; бийикт. 47 м скульпту­расы менен) жайгашкан. Бул жерде жыл са­йын «Тайпусам» (диний) фестивалы өткөрүлүп турат. Ун-ттер (а. и. эл аралык ислам), ИИИлер, улуттук жана калк китепканалары, театрлар, музейлер (Мэйбанка нумизматика, каучук), сү­рөт галереясы (кол өнөрчүлөрдүн эң баалуу буюмдары, калай идиштер) бар. Шаарда эл аралык ар кандай турнирлер, «Формула-1» авто жана моторлуу кайыктар жарышы өткөрүлүп ту­рат. Туризм өнүккөн.
Р.

Карачалова.