КРЫМ ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРЫМ ТООЛОРУ , Т а в р и я т о о л о р у Крым ж. а-нын түштүгүндө. Уз. 150 км, туурасы 50 кмге чейин. Кара деңизди жээктей бирибирине жарыш созулуп жаткан 3 жалчадан турат: Башкы (түш.) жалча – Яйла (эң бийик жери 1545 мге чейин, Роман-Кош чокусу) жана түштүктү карай тик түшкөн куэста тибиндеги 2 жал-

ча – Ички (ортонку) жалча, бийикт. 750 мге чейин жана Сырткы (түн.) жалча, бийикт. 350 мге
чейин. К. т. жер ортолук деңиз кырчоосунун альп бүктөлүү обл-ндагы эпигеосинклиналдык, бир аз бөлүгү эпиплатформалык тоолорго кирет. Жалчалардын тамандары, тоо этектери жана Крымдын түш. жээги (Феодосия жана Судак туштагы бөлүгүнөн башкасы) кумдук кабатчалары бар чополуу сланец, тоо капталдары чопо жана кумдук кыртышынан, Яйланын үстү негизинен акиташ тектеринен түзүлгөн. Яйлага рельефтин карсттык формалары – чуңкур жерлер, үңкүрлөр (Кызыл үңкүр ж. б.) мүнөздүү. Магма тектери лакколит (Аюудаг тоосу) жана бузулган жанартоо массиви (Карадаг) түрүндө жер бетине чыгып жаткан аймактар да кездешет. Курулуш материалдарынын (акиташ, шагыл, туф, диабаз ж. б.), асыл таштардын (Карадагда) кендери, минералдуу булактар («Феодосия», «Крым нарзаны») бар. Капталдарында ксерофилдүү жапыз өскөн арча-эмен токою (антропогендик процесстердин таасиринен) шибляк, фригана тибиндеги бадалдар менен аралаш өсөт. Яйла чокуларында таштуу тоо шалбаасы жана шалбаалуу талаа мүнөздүү карст ландшафты басымдуулук кылат. Башкы жалчанын капталдарында Крым корук-аңчылык чарбасы, Ялта коругу, Карадаг коругу, Мартьян тумшугу коругу бар.