КРЫМ РЕСПУБЛИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРЫМ РЕСПУБЛИКАСЫ Украинанын курамына кирет. Крым ж. а-нда жайгашкан. Аянты 27 миң км2. Калкы 2,6 млн (2006). Адм.-айм.
жактан 15 районго, 16 шаарга, 56 шаарчага бөлүнөт. Борбору–Симферополь ш.
Табиятын Крым макаласынан кара. Калкынын негизин орустар, украиндер түзөт, о. эле крым татарлары ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 69,2%. Ири шаарлары: Севастополь, Симферополь, Керчь. Курорт шаарлары –
Ялта, Евпатория, Алупка, Алушта.
Крым Чыгыш Европадагы калк байыртадан эле отурукташкан аймак. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында киммерийликтер, б. з. ч. 1-
миң жылдыкта таврлар, 8–9-к-дар скифтер отурукташкан. Б. з. ч. 480-жыл ченде респ-нын бир бөлүгү Боспор мамлекетине караган. 13-к-да моңголдор тарабынан басып алынып, Алтын Ордого кирген. 1443-ж. Крым хандыгы түзүлүп, ал Осмон империясынын вассалы болгон. 1783-ж.
Россия империясына кошулган. К. Р. 1918–
54-ж. РСФСРдин курамына кирген. 1954-жылдан Украинанын курамында. 1944-ж. Крым татарлары күч менен О. Азияга көчүрүлгөн. 1967-ж. татарлар реабилитацияланып, кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк алышканы менен 1979-ж. күч менен К. Р-нан чыгарылган. 1987-жылдан Крым татарлары мекенине кайта башташкан. 1988-ж. федерация мыйзамы татарлардын Крымда жашоо укугун тастыктаган. К. Р. 1992-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, республика статусун алган. Жаңы Конституциясы 1998-ж. 23-декабрда ишке кирип, КР Крым Автономия Респ. болуп аталган.
Ө. ж-нын негизги тармактары: тамак-аш (мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, шарап, эфир-май ж. б.), машина куруу (кеме, тамак-аш ө. ж. үчүн жабдуу, приборлор, телевизор), хим., жеңил. Кен байлыктарынан темир, нефть, газ казылып алынат. ГРЭС курулган. Мөмө-жемиш, жүзүмчүлүк, жашылчачылык, бакчачылык өнүккөн. Жүгөрү, соя, шалы, күн карама, тамеки, эфир-май өсүмдүктөрү
өстүрүлөт. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Чочко, кой асыралат. Негизги порттору: Керчь, Феодосия, Ялта.
К.– маанилүү курорттуу аймак. Башкы курорттору: Ялта, Мисхор, Алупка, Симеиз, Гурзуф, Алушта (Крымдын Түш. жээги), Феодосия, Евпатория.
Ад.: Крымская Республика // Большая Российская
энциклопедия, спец. том. Россия. М., 2004.