КРЫМОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРЫМОВ Николай Петрович [20. 4(2. 5). 1884, Москва–6. 5. 1958, ошол эле жер] – орус пейза­жист-живописчиси жана театр сүрөтчүсү, РСФСР эл сүрөтчүсү (1956). СССР сүрөт академиясынын мүчөсү (1949). Москвадагы живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайынан билим алган

«Тегирмендин жа­нында». 1927. Тре­тьяков галереясы. Москва.

(1904–11). «Көгүлтүр роза» көргөзмөсүнүн ка­тышуучусу (1907). Вхутемаст (1920–22) жана

«1905-жылдын эстелиги» сүрөт окуу жайында (1934–39) сабак берген. Ачык колориттүү деко­ративдүү жалпылашкан бир нече композиция­ны жараткан («Чагылган», 1908; «Сары сарай», 1909; «Сууга түшкөн аялдар», 1910). К. синтездүү пейзаж-картина жаратып, образдык түзүлүштүн эмоциялуу бирдиктүүлүгүнө жетишкен («Суу», 1926; «Борбордук парктагы таң...», 1937; «Та­рустагы жай күнү», 1940). К. МХАТта А. Н. Ост­ровскийдин «Жалын жүрөк (1926), «Таланттар жана таазим кылуучулар» (1933), Л. Леонов­дун «Унтиловск» (1928) спектаклдерин жасал­галаган.