КРОКОИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРОКОИ́Т (гр. krjkos – саргыч күрөң) – хроматтар классына кирүүчү минерал. Хим. формуласы Pb(CrO4). Курамында 69,06% PbO, 30,94% CrO3 бар. Моноклин системасында кристаллдашат. Өңү саргыч кызыл. Катуулугу Моостун шкаласы б-ча 2,5–3. С. салм. 6. Курамында хром кездешкен ультранегиздүү тектерге жакын же алардын арасындагы полиметаллдуу (коргошунцинк) кендердин кычкылдануу аймагында пайда болот.