КРИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРИТ (Krete) – Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндөгү арал, Грекиянын курамында. Аян­ты 8,3 миң км2. Калкы 5,5 миңдей (2006). Түн. жээги булуң-буйткалуу, түштүгү тегиз, жар­дуу. Бир нече тоо массиви бар (эң бийик жери 2456 м, Ида чокусу), алар негизинен акиташ, сланец тоо тектеринен түзүлгөн; темир, күрөң көмүр кендери бар. Карст процесси өөрчүгөн. Жер ортолук деңиздик бадалдар (фригана), кы­рына жакын шалбаа өсөт. Жүзүм, зайтун дара­гы өстүрүлөт. Дан эгиндери (буудай, жүгөрү), та­меки эгилет. Кой чарбасы өнүккөн. Балык кар­малат; деңиз былпылдактар промысели бар. Са­мариас коругунда тоо флорасы жана фаунасы кор­голот.
К. байыркы эгей мад-тынын борборлорунун бири болгон. Б. з. ч. 67-ж. чейин Рим империясы каратып алган. 395–823-ж. жана 961–1204-ж. Византиянын курамында; 823–961-ж. арабдар­га караган. 1204-ж. К-ти кресттүүлөр каратып, Византияга саткан. 1715-ж. Осмон империясы­на караган. К-тин калкы 1821–29-ж-дагы Грек рев-ясына, 1896–97-ж-да Осмон империясына каршы көтөрүлүшүнө катышкан. 1898-ж. Ос­мон империясы Европ. державалардын кысы­мы жана «калкалоосу» астында К-ке адм. автоно­мия берген. 1913-жылдан Грекиянын курамын­да. Антикалык жана о. кылымдагы маданий эсте­ликтери (ыйык жайлар, чептер, чиркөөлөр) бар. Негизги порттору: Ираклион, Ханья.