КРИСТАЛЛ ХИМИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРИСТА́ЛЛ ХИМИЯСЫ – кристалл абалында­гы заттардын атомдорунун мейкиндикте жай­гашуусу жана алардын өз ара хим. байланыш өзгөчөлүктөрүү жөнүндөгү илим. К. х-нын не­гизги милдети – кристаллдардын физ.-хим. ка­сиеттерин изилдөө, курамдарын классификация­лоо, алардын мезгилдик система менен байланы­шын аныктоо. Бул багыттагы маалыматтар не­гизинен физ. ыкмалар аркылуу алынат. Алар­га рентгенструктуралык анализ, электроногра­фия, нейтронография ж. б. кирет. Кристаллдар ар түрдүү жана өтө көп. Бир эле зат шартка жа­раша (темп-ра, басым) курамында өз ара окшош­тугу жок (мис., ар түрдүү сингонияларда), касиет­тери б-ча таптакыр карама-каршы болушу мүм­күн. Мис., кристаллдык абалдагы көмүртектин бир түрү – алмаз дүйнөдөгү электр тогун өткөрбөй турган эң катуу зат болсо, анын экинчи крис­таллдык түрү – графит – электр тогун жакшы өткөргөн жумшак заттардын бири. Бул өңдүү кубулуш полиморфизм кубулушу катары бел­гилүү. Тескерисинче, көптөгөн заттар ар түрдүү хим. курамда болгонуна карабастан, окшош ку­рамда кристаллданышат. Бул кубулуш изомор­физм кубулушу деп аталат. Изоморфизм кубу­лушунун негизинде кристаллдар көптөгөн жаңы касиеттерге ээ болот. Мис., «катуу эритмелер». Алардын өзгөчөлүгү хим. курамдары ар башка болгонуна карабастан, ысытып эритүүдө аралаш­кан заттар бир гана фазадан турат. Мис., ZnСО3 менен МgСО3 NCl менен KCl ж. б. Катуу эритмелерге алып келген изоморфизм кубулушу металлдар­дын, куймалардын арасында өтө көп таралган. Алар «чектүү» же «чексиз» болуп бөлүнөт. Чек­сиз катуу эритмелерге Со-Ni, Рd-Аg, Аg-Аu, Ni-Сu ж. б. системаларын кароого болот. Катуу эритмелердин компоненттери бир нече элемент­терден турушу мүмкүн.


Ад.: Бокий Г. Б.
Кристаллохимия. 3-е изд. М., 1971; Урусов В. С. Теоретическая кристаллохимия. М., 1987–1988. Т. 1–3.

Ү. Асанов.