КРИСТАЛЛ ФИЗИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРИСТА́ЛЛ ФИЗИКАСЫ – физиканын кристалл абалындагы заттардын, анизотропиялуу чөйрөнүн физ. касиеттерин жана ал касиеттердин сырткы таасирлерден өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүмү. Көптөгөн физ. кубулуштар кристалл заттарга гана тиешелүү. Алсак, жарык нурунун кристаллда ача (2 багытка) сынышы, түз жана тескери пъезоэффекттер, электр оптикалык эффекттер ж. б. К. ф-нда кристаллдардын физ. касиеттерин сандык жактан мүнөздөө үчүн матрицалык, тензорлук эсептөө жана группалар теориясы деген матем. аппараттар колдонулат. Кристаллдардын касиеттери багыттарга көз каранды (анизотропия), бирок симметриялары эквиваленттүү багыттар б-ча бирдей. Ошого карабастан кээ бир касиеттери (мис., тыгыздык) багытка көз каранды эмес жана скалярдык чоңдуктар менен мүнөздөлөт. К. ф. катуу заттардын физикасын, кристалл химиясынын маселелерин изилдейт. К. ф-нда эң негизги орунду реалдуу кристаллдар физикасы ээлейт, б. а. кристаллдагы ар түрдүү дефектилердин (чекиттик дефектилер, вакансиялар, дислокациялар ж. б.) кристаллдардын физ. касиеттерине тийгизген таасирлерин үйрөтөт.