КРЕМНИЙ КОШ ОКСИДИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРЕ́МНИЙ КОШ ОКСИДИ , к р е м н е з ё м, к р е м н и й а н г и д р и д и, SiO2 – кремнийдин кычкылтек менен бирикмеси. Б. эрүү t 11728°С, кайноо t 12590°С. Жаратылышта кварц, тридимит, кристобалит, китит, коусит минералдары түрүндө кездешет. Анын кристаллдык модификациясынын түрлөрү көп, кварц минералы ж. б. түрүндө жер кыртышынын массасынын 12%ин түзөт. Сууда, к-таларда (плавик к-тасынан башка), орг. эриткичтерде эрибейт. Щелочтордо жакшы эрийт. Фтор, фтордуу суутек менен реакцияга кирет. Суу буусунун атм-сында кремний хлоридинин (SiCl4) буусун курамдык бөлүккө ажыратуудан (1100–1400°С) аморфтуу кремнезём пайда болот. Ал радиотехникада, силикат ө. ж-да, айнек, фарфор, фаянс, карапа, силикат кыштарын, цемент ж. б. алууда колдонулат.