КРЕМНИЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРЕ́МНИЙ (лат. Silicium), Si – элементтердин мезгилдик системасынын IVтобунда жайгашкан хим. элемент, ат. н. 14, ат. м. 28,086. Табиятта үч изотоптун аралашмасынан турат: 28Si, 29Si жана 30Si. К-дин майда күкүмдөрү боз, ири кристаллдары күңүрт кара. Табиятта таралышы б-ча 2-орунда (кычкылтектен кийинки) турат. 1825-ж. Берцелиус фтордуу К-ди SiF4 калий менен калыбына келтирүүдөн жаңы элемент ачып, аны силиций деп атаган. Жер кыртышындагы К-дин 12%и SiO2 – кремнезём, 75%и татаал кычкылтектүү бирикмелери (чопо, талаа шпаты, сланец, слюда ж. б.) түрүндө кездешет. Кристаллдык К.– тыгызд. 2,33 г/см3, б. эрүү t 1417°С жана кайноо t 2600°С болгон катуу зат. К. көпчүлүк бирикмелеринде IV валенттүү: SiH4, SiF4, SiO2, Si3N4 ж. б., II валенттүү да SiО боло алат. Кычкылтек менен К. кош оксидин SiO2, оксидин SiO, галогендер менен галогениддерди SiХ4, суутек менен силандарды SinH2n+2 (жалпы формуласы), металлдар менен силициддерди – кыйындык менен эриген заттарды пайда кылат. Бөлмө темп-расында майдаланган К. менен фтор гана реакцияга кире алат: Si + 2F2 = SiF4. К. хлор менен 400–600°Cде, көмүртек жана азот менен өтө жогорку темп-рада аракеттенет. Кадимки шартта К-ге к-талар таасир этпейт. К. щелочтор менен аракеттенип, суутекти жана силикаттарды пайда кылат: Si + 2NaOH + H2O = Na2SiO3 + 2H2. К. кычкылтек менен –Si–O–Si–O– сыяктуу узун чынжырларды пайда кылган туруктуу бирикмелери кеңири таралган. Мис., табигый жана синтез жолу менен алынган силикаттар. Анын молекуласында ар бир К. атому төрт кычкылтек атому менен жөнөкөй байланыш түзөт. Ошол эле учурда ар бир кычкылтек атому К-дин эки атому менен байланышат. Натыйжада полимердик түзүлүштөгү хим. бирикме – SiO2 пайда болот. Ал – кыйындык менен эрүүчү, кадимки шартта катуу зат. К-дин 95–98% тех. түрү арзан сырьё – кремнезёмду (SiO2) жогорку темп-рада көмүртек менен калыбына келтирүүдөн алынат: SiO2+2C = =Si+2CO. Ал эми өзгөчө таза К. алуу үчүн тех. К. жеңил учма бирикмелерге SiCl4, SiI4 ж. б. өткөрүлөт да, бир нече жолу буулантуу жана муздатуудан кийин тазаланган бирикме жогорку темп-рада суутек же чаң түрүндөгү цинк менен калыбына келтирилет. К. жарым өткөргүч техникада, электроникада, электр-техникасында негизги материал катары кызмат кылса, күн батареясы катары космос кемелерин электр энергиясы менен камсыз кылат. Чоюн жана болотко алардын мех. касиеттерин жакшыртуу үчүн кошулат. Карборунддан SiC жасалган кайрак таштар катуулугу б-ча алмаздан кийин турат. К-дин орг. бирикмелеринен жасалган материалдар жогорку темп-рага чыдамдуу, электр изолятору катары суу чөйрөсүндө да мыкты касиеттерге ээ. К-дин орг. бирикмелеринен алынган майлоочу майлар өтө жогорку жана өтө төмөнкү темп-рада баштапкы касиеттерин өзгөртпөстөн сактап калат. Мындай майлар – 20– 30 км бийиктикте учкан реактивдүү самолёттордун кыймылдаткычтарын майлоо үчүн алмашкыс материал.
Ад.: Кремний и его сплавы. Екатеринбург, 2005.
А. Сүйүнбекова.