КРЕДИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРЕДИ́Т (лат. creditum – ссуда, credо – ише­нем) – 1) кредитордун насыя алуучу жеке адам­га жана юрид. жакка белгилүү мөөнөткө үстөгү (проценти) менен акчалай же товар түрүндө карыз бериши; кредитор менен карыз алуучунун орто­сундагы өз ара мамилелер. Ал түрдүү формала­ры, зайым, лизинг, факторинг ж. б. менен мүнөз­дөлөт. К. байыркы мезгилдерде эле пайда бол­гон. К-тин кайра бөлүштүргүч, айланма кредит куралын түзүү, кайта өндүрүү жана жөнгө салуу­чу функциялары бар. Берилген затына карата К-тин товар, акчалай жана аралаш формасы ке­зигет. Алгач товар формасындагы (мал, эгин ж. б.) К-тик мамилелер болгон. Товар форма­сындагы К. убактылуу колдонууга конкреттүү заттын (мал, дан, тери ж. б.) берилишин кара­ган. Бул форма акча мамилелери пайда болгуча колдонулган. Бүгүнкү күндө деле товар түрүндөгү К. товарларды кандайдыр бир мөөнөткө төлөмүн үстөгү менен бөлүштүрүп жүргүзүлүүдө. Эгер алын­ган товардын (электр приборлор ж. б.) ордуна төлөмү акча каражаты аркылуу же тескерисин­че жүргүзүлсө, К-тин аралаш формасы болот. Акча түрүндөгү К. убактылуу колдонууга үстөгү менен берилүүчү акча каражаттарын камтыйт. Бул К-тин формасы бардык экон. мамилелердин субъекттери (мамлекет, ишкана, жарандар ж. б.) тарабынан кеңири колдонулат. К. берил­ген мөөнөтү б-ча кыска (1 ж. чейин), орто (1–5 жыл) жана узак (5 жылдан көп), ал эми берили­ши б-ча эл аралык, мамл., банктык, керектөө­чүлүк, товардык, коммерциялык, ипотекалык ж. б. болуп бөлүнөт. К. чарбалык иш-чаралар­ды жүргүзүүдө, айлануу каражаттарын толук­тоодо, негизги фонддорду өстүрүүдө, банк систе­масынын өтүмдүүлүгүн жөнгө салууда ж. б. иштерде К-ке өзгөчө роль таандык; 2) бухгалте­рия эсебинин оң тарабы. Актив эсебинде К-ке жазуу каражаттын азайышын, ал эми пассив­де – каражаттын көбөйүшүн көрсөтөт.


Ад.: Деньги, кредит, банки. М., 2000; Кредит и кредитный рынок. М., 2006; Банковское дело: сов­ременная система кредитования/ Под ред. О. И. Лав­рушина. 4-е изд. М., 2009.