КРАСИЛЬНИКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРАСИ́ЛЬНИКОВ Иван Павлович (15. 6. 1910, азыркы Саратов обл., Балтай р-ну, Балтай кыш. –

13. 1. 1968, Фрунзе) – Сов. Союз. Баатыры (1943). 1941-ж. Сов. Армияга чакырылганга чейин Фрунзедеги «Кондитер» артелинде мастер болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) 193-аткычтар дивизиясынын 685-аткычтар пол­кунда катардагы аткыч бо­луп, Харьков, Сталинград, Борб. фронтторунда салгы­лашкан. Висла д-ндагы сал­гылаштарга, Днепрден өтүү­гө катышкан. Беларуссия­нын Барановичи, Польша­нын Гданьск, Германиянын Штеттин Гартц, Пенкун ж. б. шаарларын, Одер боюн­дагы жерлерди фашисттер­ден бошотушкан. Днепрден өтүүдө бөтөнчө эр­дик көрсөткөн. Ленин ордени, 3-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.