КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ – кооз өсүмдүк өстүрүүдө пайдаланылуучу топурак аралашмасы; түр­дүү кошулмалардан даярдалат. Чым топурак К. т-нын көбүнүн курамына кирет. Ал эски жа- йыттан алынып, уйдун кыгына (4 м3 чым топу­ракка 1 м3 кык) аралаштырылат. Топурактын кычкылдуулугун төмөндөтүү үчүн акиташ ко­шуп, суу чачып, эки жыл бою даярдалат. Чирин­ди топурак жылытылмада (парникте) мурда пайдаланылган кык жана топурактан турат. Пар­никти тазалаганда, чиринди топуракты бир жер­ге үйүп, аралаштырып турат (бир-эки жылда даяр болот). Компост топурак ар кандай орг. калдыкты (отоо чөп ж. б.) чиритүүдөн алынып, кык чыласы, суу чачылат; кычкылдуулугун азайтыш үчүн акиташ кошуп, 2–3 жылдан ки­йин пайдаланылат. Чым көң топурагы чым көң­дөн алынат. Узата үйүлүп, бир жайда 3–4 жолу аралаштырылып, кык чыласын чачып, акиташ, фосфор унун же күл кошуп даярдалат. Чым көң топурагына азот бактеринин менен фосфор бакте­ринин кошсо, сапаты жакшырат. Булардан тышкары К. т. жалбырак ж. б. чириндилерден да алынат.